Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев иш сапар менен Россия Федерациясына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-ноябрда,  Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Санкт-Петербургдагы VI эл аралык маданий форумдун ачылыш аземине катышуу үчүн Россия Федерациясына   иш сапар менен  келди.

Иш сапардын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев  менен  Россиянын Президенти  Владимир Путин  жолугушуп,  кыргыз-россиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

2017-жыл 17-ноябрь