Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жусупбек Шарипов Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев    кол койгон Жарлыкка ылайык, Шарипов Жусупбек Шарипович Кыргыз Республикасынын Украина  Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын дагы бир Жарлыгы менен Шарипов Жусупбек Шарипович Эль-Кувейт шаарындагы резиденциясы менен  эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги, Морокко Королдугундагы, Иордания Хашимит Королдугундагы жана Бахрейн Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду.   

2017-жыл 16-ноябрь