Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Жарлыгы менен жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Кыргыз Республикасынын   ПрезидентиАлмазбек Атамбаев  кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктарын 2017-жылдын 31-октябрында расмий жарыялагандыгына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 63-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 58-беренесин жетекчиликке алып, токтом төмөндөгүдөй кылынат.

1. Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка расмий киришүү күнү 2017-жылдын 24-ноябры деп аныкталсын.


2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары – уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.


3. Уюштуруу комитети:
- аземди даярдоо боюнча тиешелүү иш-чаралардын программасын иштеп чыксын жана бекитсин, ошондой эле өткөрүүнүн ордун жана аземге чакырылуучу адамдарды аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте аземге катышуу үчүн чет элдик делегацияларды чакырууну камсыз кылсын;
- аземди өткөрүү менен байланышкан башка маселелерди чечсин.


4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аземди өткөрүү менен байланышкан чараларды ишке ашырууну жана уюштуруу комитети аныктаган көлөмдө финансы каражаттарын бөлүүнү камсыз кылсын.


5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 Тиркеме

 

Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү

боюнча уюштуруу комитетинин

КУРАМЫ

  

Усенов Алмазбек Туратбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы;

 

Шайлдабекова Нуржан Кармабековна

 

-

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

 

Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович

-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

 

Ибраев Саматбек Кулукеевич

 

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси,  уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

 

Ниязов Фарид Абилезимович

 

-

Кыргыз Республикасынын шайланган Президенти
С.Ш. Жээнбековдун өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

 

Илмиянов Икрамжан Саттарович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси;

 

Курманалиев Алмазбек

Абдиназарович

-

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;

 

Дуйшенбиев Райимберди

Сейдакматович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы;

Абдылдаев Эрлан Бекешович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

 

Исраилов Улан Джумабекович

-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

 

Касымалиев Адылбек Алешович

-

Кыргыз Республикасынын финансы  министри;

 

Сегизбаев Абдил Кенешевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

 

Ибраимов Албек Сабирбекович

 

-

Бишкек шаарынын мэри;

Коеналиев Туруспек Кармышевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу;

 

Топоев Мар

Бекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы;

 

Карыпбеков Илим Майрамбекович

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору.

 


 

 

2017-жыл 3-ноябрь