Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 28-сентябрында кабыл алынган.
Долбоордун максаты Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылууну кеңейтүүгө жана канализация системасын реабилитациялоого төмөндөгү жолдор менен көмөктөшүү:
- капиталдык инвестицияларды каржылоо;
-бул инвестицияларды даярдоо жана ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
-корпоративдик өнүктүрүү, социалдык колдоо жана кызыкдар тараптардын катышуу Программасын даярдоо жана ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү.
Жогоруда аталган макулдашууларда суу менен камсыз кылууну кеңейтүү жана канализация системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча приоритеттүү милдеттерди чечүү каралган жана республикабызда суу секторун өнүктүрүүгө жакшы таасир тийгизет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2017-жыл 31-октябрь