Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев УКМК кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 27-октябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн салынган көп батирлүү турак жайдын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө УКМК кызматкерлерин жаңы конушу менен куттуктап, бул окуя алар үчүн, алардын үй-бүлөлөрү үчүн чыныгы майрам экендигин белгилеп өттү.

Президент Алмазбек Атамбаев чекисттерге кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары Кыргызстанда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууда алар маанилүү милдет өтөгөндүгүн баса белгиледи.
Мамлекет башчысынын айтымында күч курамдарынын кызматкерлери үчүн турак жай куруу иши жакшы салтка айланып, бул иш улантылууга тийиш.

Президент Алмазбек Атамбаев батирлерди көрүп чыгып, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевге көп батирлүү үйдүн короосунда балдар үчүн аянтчанын курулушуна 300 000( үч жүз миң) сомдук сертификат тапшырды.

2017-жыл 28-октябрь