Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: «Биз – кыргызстандыктарбыз, биз ата-бабалырыбыздай болуп, өлкөбүздүн көз карандысыздыгы үчүн жан берүүгө даярбыз»

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн,  27-октябрда, Беларусь Республикасынын, Швейцария Конфедерациясынын, Нидерланд Королдугунун, Грек Республикасынын, Марокко Королдугунун, Мали Республикасынын, Түштүк Африка Республикасынын, Грузиянын, Польша Республикасынын, Бельгия Королдугунун, Румыниянын жана Кипрдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринен Ишеним Грамоталарды кабыл алды.

Өз сөзүндө Алмазбек Атамбаев дипломатиялык миссиялардын башчылары менен кыргыз жергесинде жылуу учурашып, аларды маанилүү жана жооптуу миссиясынын расмий башталышы менен  куттуктады.

«Сиздер биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди жаңы баскычка көтөрүүгө көмөктөшөсүздөр деп ишенем. Бүгүн элчилери мында катышып жаткан көп өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелер түзүлгөнүнө быйыл 25 жыл толду, мен сиздерди ушул маанилүү дата менен дагы бир жолу куттуктагым келет жана биздин мамилелер жылдан жылга бекемделе берерине ишенем», - деди Алмазбек Атамбаев.

«Биздин өлкө эгемендик жылдарында абдан кыйын жолду басып өткөнүн сиздер билесиздер. Мага бул жол кылымга тете болгондой сезилет. Ар кандай сыноолор болду: экономиканын бүлүнүшүн да, эки революцияны да, курмандыктарды да көрдүк. Бирок акыркы жылдары биз эң башкысы көп улуттуу Кыргызстан элинин тынчтыгын жана улуттар аралык ынтымагын камсыз кылууга жетише алдык, - деди Президент. – Сиздер билгендей, азыр Борбордук шайлоо крңомиссиясы өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктарын чыгарып жатат, бирок биз кимдин Кыргызстандын жаңы Президенти болуп шайланганын билебиз. Эми элдин мүдөөсүнө ылайык өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматты тынчтык жолу менен өткөрүлүп берилет. Мен бул эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүндөгү эң көрүнүктүү этаптардын бири деп эсептейм».

«Биз ачык өлкөбүз, биз эч кимден эч нерсе жашырбайбыз. Бизде өтө күчтүү жарандык коом бар. Өлкөнүн бүт тышкы саясаты Кыргызстан элинин кызыкчылыгын коргоого багытталганын балким, өзүңүздөр байкаган чыгаарсыздар. Биз ар дайым улулттук кызыкчылыктарды коргоп келгенбиз, мындан ары да ошондой болот, биз өнөктөштүк мамилелерди тең укуктуу негизде гана жүргүзөбүз. Мамлекетибиздин ички иштерине кийлигишүү аракеттерине каршы туруп келгенбиз жана карыш тура беребиз», - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, азыр өлкө алдында жаңы этап – экономиканы тездик менен өнүктүрүү милдети турат. 2040-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясын даярдоо жана кабыл алууга даярдоо иштери жүрүп жатат, анын негизине демократияны өнүктүрүү, күчтүү жарандык коом жана калктын бакубатчылыгы маселелери коюлат. 

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча да өз оюн айтты. «Тилекке каршы, кыргыз-казак чек арасындагы акыркы окуялар биз Евразия экномикалык биримдигине өтө эле көп үмүт артып келгенибизди айгинеледи. Албетте, эч нерсеге карабастан, азыр да, келечекте да Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана ишенимдүү союздашы бойдон кала берет. Бирок бул окуялар биз Евразия экномикалык биримдигине өтө эле көп үмүт артып келгенибизди көрсөттү. Анткени, бир адамдын кесирлигине көз каранды болгон биримдик ишенимдүү болбойт», - деди Алмазбек Атамбаев. – Кандай гана биримдик болбосун, биринчи кезекте ал биримдиктин катышуучуларынын ортосундагы келишимдерге жана макулдашууларга баш ийиши керек».

Ушуга байланыштуу Президент Өкмөткө айыл чарба азык-түлүктөрүн сатуу үчүн альтернативалык рынокту табуу маселесин тез арада чечүүнү тапшырганын белгиледи. «Издеп убара болуунун деле кереги жок. Бул – Өзбекстандын 32 миллиондук рыногу жана Кытайдын бир жарым миллиарддык рыногу. Ал эми өнөр жай товарларына келсек, мен ишкерлерге жана Өкмөткө өнөр жай товарларын Россияга темир жол менен пломбаланган вагондордо жөнөтүүнү сунуш кылам. Россия Президенти Владимир Путин менен биздин ортобузда мындай макулдашуу болгон. Анан, албетте, келечекте кошуналардын басмырында калбоо үчүн Бишкек жылуулук-энергетикалык борборун (ЖЭБ) жергиликтүү көмүргө, Кара-Кеченин көмүрүнө өтөкрүшүбүз керек. Биз жаңы буу казандарын мурдатан эле жергиликтүү көмүргө ылайыктап баштаганбыз», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президенттин сөзү боюнча, кыргыз-казак чек арасындагы акыркы окуялар ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун тез арада долбоорлооо жана куруу зарылдыгын ачык көрсөттү. Бул жол андан ары Туркмения жана Иран аркылуу өтүп, Араб деңизине жана Инди океанына алып чыгат.

«Учурунда парламентте үстөмдүк кылган жана насыя алууга болбойт, алтернативалуу жолдорду куруунун зарылдыгы жок деп кыйкырышкан айрым демагог-депутаттардын айынан Өкмөт темир жол курууга жеңилдетилген насыя алуудан коркуп койгонун жашыргым келбейт. Алар популист экенин акыры турмуш көрсөттү. Азыр өлкөдө да, парламентте да кырдаал таптакыр башка. Көпчүлүк депутаттар конструктивдүү иштөөгө, кыйратуучулукка эмес, жаратмандыкка белсенип турушканын билем, - деди Алмазбек Атамбаев. – Парламентте мурдагы кыйратуучулар жок. Ошондуктан Өкмөт жана азыр бул темир жолду изилдөө жана долбоорлоо менен алектенип жаткан кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы үчүн жеңилдетилген насыя  берүүү маселесин тез арада иштеп чыгуусу керек».

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле кытай, кыргыз жана бир тууган Өзбекстан сунуш кылган өзбек ишканасы, же мамлекеттик органы катышкан биргелешкен ишкананы түзүүнү сунуш кылды. «Ачык айтайын, бул тууралуу Өзбекстан Президенти, менин досум жана бир тууганым Шавкат Миромонович Мирзиёев менен макулдашуу бар», - деди Алмазбек Атамбаев.

«Көз крандысыздыкты коргоо керек. Кыргызстан эгемендүү өлкө. Айрым элдер бүгүн да өзүнүн көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп жатышат. Акыркы окуялар кимдин ким экенин көрсөттү. Ким өлкө үчүн күйөөрүн, ким мекенчил жана ким үчүн көз карандысыздык куру сөз экенин да көрдүк. Көз крандысыздыгыбызды да, өлкөбүздү да, бздин адамдарды да арзыбаган баада сатып жибергенге даяр эргулдар бар экенин көрдүк», - деди Алмазбек Атамбаев.

«Биз, кыргызстандыктарбыз, биз ата-бабалырыбыздай болуп, өлкөбүздүн көз карандысыздыгы үчүн жан берүүгө даярбыз. Улуу Манас бабабыздын осуяты ушундай», - деди Алмазбек Атамбаев.

Беларустун Элчисине кайрылып, Президент эки тараптуу аракеттер менен акыркы кезде бара-бара тийиштүү деңгээлге көтөрүлүп бараткан кыргыз-белорус кызматташтыгына Кыргызстан чоң маани бере тургандыгын белгиледи. Мамлекет башчысы ЕАЭБ,КМШ, ЖККУ, ШКУ алкагындагы өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттешүүнү белгиледи.

Кыргыз-швейцарияляк кызматташтыкка токтолуп, Президент Алмазбек Атамбаев шайлоо процессин техникалык жактан камсыз кылууга көмөктөшкөндүгү үчүн бул өлкөнүн жетекчилигине ырааазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Нидерландия өлкөсү 1991-жылы 31-декабрда Бинилюкс өлкөлөрүнүн арасынан алгачкы болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныганын эске салып, Кыргызстан Нидерланддар Королдугу менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. 

Президент Бельгиянын Королу Филипп менен болгон мазмундуу сүйлөшүүлөрдү эскерип, акыркы жылдары Кыргызстан менен Бельгия ортосунда чыныгы достук мамилелер калыптанганын белгиледи.

Мамлекет башчысы  Польша мамлекети менен болгон мамилелерде, биринчи кезекте соода-экономика чөйрөсүндө пайдаланылбаган кыйла мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Румыния ортосундагы өз ара мамилелерге динамика берүүнүн зарылдыгын белгилеп, кыргыз тилинде кайрылганы үчүн Элчиге ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кипр ортосундагы кызматташтыкта зор мүмкүнчүлүктөрдүн бар экенин белгиледи.

Президенттин сөзү боюнча, Грек өлкөсү менен жылуу жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө Кыргызстан чоң маани бере тургандыгын белгиледи. Мамлекет башчысы кыргыздар бай маданияты бар байыркы эл экенин, гректерде “Иллиада” жана “Одиссей” эпостору, ал эми кыргыздарда “Манас” эпосу бар экенин айтты. Ал маданияттагы окшоштуктарды эки өлкө элдеринин пайдасына колдонуунун маанилүү экенин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылдагы Кыргызстандын Президентинин Грузияга болгон алгачкы расмий визити Кыргызстандын эки тараптуу достук мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экенин бекемдегенин белгиледи.

Мамлекет башчысы Марокко менен мамилелерди активдештирип, эки тараптуу мамилелерге көбүрөөк динамика берүү зарылчылыгын белгиледи.

Алмазбек Атамбаевдин сөзү боюнча, Кыргызстан Түштүк Африка Республикасы менен кызматташууга чоң маани берет.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын Мали Республикасынан географиялык жактан алыс жайгашканына карабастан, тараптар эки тараптуу пайдалуу кызматташуунун формаларын издөө зарылдыган белгиледи.

Сөзүнүн аягында Президент Алмазбек Атамбаев дипломатиялык миссиялардын башчыларына иштеги ийгиликтерди каалап, Элчилердин ишинин натыйжалары өлкөлөр ортосундагы достуктун жана кызматташуунун өнүгүшүнө өбөлгө болооруна ишенерин билдирди.

Маалымат:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге  Ишеним грамоталарын төмөндөгү чет өлкөлүк дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн башчылары тапшырды:

- Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко;

- Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Вероника Ульман Марти;

- Нидерланд Королдугунун  Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Дирк Ян Коп;

-  Грекия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Александрос Катранис;

- Марокко Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абделжалил Саубри;

- Мали Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Тиефинг Конате;

-  Түштүк Африка Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кийтуметци Сийпило Тандека Мэттьюс;

- Грузиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Зураб Абашидзе;

- Польша Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Селим Хазбиевич;

- Бельгия Королдугунун  Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Алекси де Кромбрюгхе;

- Румыниянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Чезар Маноле Армяну;

- Кипрдин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Леонидас Маркидис.ф

2017-жыл 27-октябрь