Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Мексиканын түштүк-чыгышындагы жер титирөөдө көп сандаган адамдар каза тапкандыгына байланыштуу Мексика Кошмо Штаттарынын Президенти Энрике Пенья Ньетого көңүл айтты.
“Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын бардыгы тезирээк сакайып кетишине тилектештигимди жеткирип коюуңузду өтүнөм”, -деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.