Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын  Президенти  Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаевди  жана  Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

“Сизди жана боордош кыргыз элин  улуттук майрам -  Кыргыз Республикасынын Көзкарандысыздык күнү менен чын дилимден куттуктайм,

Тарыхый кыска мезгилдин аралыгында Кыргызстан  Сиздин жетекчилигиңиз алдында  коомдук-саясый жана социалдык-экономикалык өнүгүү тармактарында олуттуу жетишкендиктерге    жетишти. Калктын жашоосун жакшыртууга багытталган  жана түзүмдүк кайра түзүүлөр жана реформалар  ыкчам жүргүзүлүп, өлкөнүн эл аралык аренадагы кадыр-баркы жогорулап баратат. Биз Өзбекстанда  өзбек-кыргыз салттуу тыгыз  көп пландуу мамилелерди өнүктүрүүгө  жана чыңдоого, өз ара аракеттенишүүнүн   бардык чөйрөсүндө ачык жана ишенимдүү диалогду улантууга бекем саясый эркибиз бар.

Самаркан жана Астана шаарларындагы биздин  үзүрлүү жолугушууларыбыз, ошондой эле  жакында Бишкек шаарында өткөрүлгөн эки тараптуу кызматташуу жана  мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өзбек-кыргыз өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги  отуруму  өз ара пайдалуу жана конструктивдүү өнөктөштүктү  тереңдетүүгө эки тараптын тең умтулуусун жана чечкиндүүлүгүн  дагы бир ирет ырастады.

Бишкекте өткөрүлчү  эки тараптуу кызматташуунун  тарыхый  окуясы болуп, кызматташууну жаңы сапаттуу деңгээлге алып чыгып, жаңы практикалык мазмун менен байытчу  биздин  жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам.

Биргелешкен күч аракет менен салттуу жакшы коңшулаштык, достук, өз ара урматтоожана жалпы кызыкчылыктарды эске алуунун кебелбес принциптерине негизделгенөзбек-кыргыз мамилелери   өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүнырааттуулук менен жана кыйшаюусуз  өнүгүп жана чыңдала берээрине  бекемишенебиз”, -деп белгиленет куттуктоодо.

Президент Шавкат Мирзиёев Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, үй-бүлөдө жакшылыктарды жана жооптуу мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине – тынчтык, прогресс  жана мындан ары гүлдөп өнүгүү каалады.

2017-жыл 31-август