Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек  Атамбаевди жана  Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

“Элдерибизди байланыштырган достуктун  жана өз ара колдоонун жакшы салттары мындан ары дагы  Азербайжан менен Кыргызстандын ортосунда өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун ишенимдүү фундаменти болуп кызмат кылат деп ишенем”,-деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Ильхам Алиев Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2017-жыл 31-август