Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду


Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө  4 Жарлыкка кол койду.

Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин 3 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына  679 адамды  кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары, тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1 Жарлыгы 143 адамды (104 - чоң адамдар, 39 - балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

№185 Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлык

№186 Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Жарлык

№187 Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Жарлык

№188 Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Жарлык

2017-жыл 30-август