Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу системасынын ишинин натыйжалуугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-июлда “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу системасынын ишинин натыйжалуугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши мамлекет жумшаган күч-аракетерге карабастан, республикада болгон өзгөчө кырдаалдардын мүнөзү, жыштыгы жана масштабы, зыяндын жана мамлекеттик ресурстардын сарптоолорунун көлөмү, ошондой эле каза болгон жана жабыр тарткан адамдардын саны азайбай жаткандыгын белгилейт.

Бүгүнкү күндүн шарттары ведомстволук аң-сезимди жана мамлекеттик түзүмдөрдүн функционалдуулугун өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларга караганда өзгөчө кырдаалды алдын алууга жана коопсуздуктун туруктуу архитектурасын курууга артыкчылык берүү тууралуу түшүнүккө кечиктирбестен өткөрүүнү талап кылат. Ошол эле учурда өзгөчө кырдаалды алдын алуу деп мамлекеттик бир эле органдын – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  ишин гана түшүнбөө керек.

Бүгүнкү күндө ар кандай табигый процесстердин коркунучун азайтуу үчүн 17 587 үй-бүлөнү көчүрүү керек, анын ичинде 13 298 үй-бүлө көчүрүлгөн, 4 289 үй-бүлө көчүрүлгөн эмес (анын ичинде 2 037 үй-бүлө жер участогун жана мамлекеттик субсидияларды алган эмес, ал эми 2 252 үй-бүлө жер участогун жана мамлекеттик субсидияларды алган).

Ошол эле учурда азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардын кесепетинен жабыр тарткан адамдарга жеке турак үйлөрдү курууга, реконструкциялоого ипотекалык сертификаттарды жана мамлекеттик субсидияларды берүү проблемасы жоюла элек.

Бул контекстте жер пайдалануу жаатындагы мамилелерди жөнгө салган мыйзамдык актыларды кайрадан карап чыгуу талап кылынат, мында мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга алдын ала даярдык көрүүгө, резервдик жер фонддорун түзүүгө басым коюу зарыл.

Дем берүү жана жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү ыкмаларын колдонуп, кыймылсыз мүлккө каттоо документтерин тариздөө боюнча региондордун жашоочуларынын проблемасын чечүү керек.

Мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу кызыкчылыгында кыймылсыз мүлктү өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун тартибин кайра карап чыгуу, кыйла жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылуу талап кылынат

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин отуруму 2017-жылдын 17-июлунда Мамлекет башчысынын төрагалыгы алдында өткөрүлүп, ушул чечим кабыл алынган.

Чечимдин тексти

2017-жыл 31-июль