Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-июлда “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду.

Авариялардын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшү өлкөдө жол-транспорт травматизминин деңгээли жогору экендигин жана анын өсүп жаткан тенденциясын айгинелеп турат.

Жол-транспорт кырсыгы менен байланышкан кырдаалдын начарлоосунун себеби төмөндөгүлөр: калктын автомобилдешүүсү, жол инфратүзүмүнүн ылайыксыздыгы, айдоо маданиятынын төмөндүгү, кыймылды жөнгө салуу жана бузууларды контролдоо каражаттарынын эскириши, жол коопсуздугун камсыз кылуунун жана айдоочулук күбөлүктү алуу системасынын коммерцияланышы.

Түзүлгөн шарттарда, 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 “Бийлик органдарында саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгында белгиленген принциптерди жана чараларды эске алып, жол коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкарууну автоматташтыруу, башкаруу чаралары, мыйзамдар, жол инфратүзүмүн жакшыртуу, жол кыймылынын коопсуздугун медициналык жактан камсыз кылуу, маалыматтык өнөктүктү өткөрүү жана калктын маалымдуулугун көтөрүү чөйрөсүндөгү иш-чаралар каралган, жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган Чаралардын комплексин оперативдүү түрдө ишке ашыруу талап кылынат.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин отуруму 2017-жылдын 17-июлунда Мамлекет башчысынын төрагалыгы алдында өткөрүлүп, ушул чечим кабыл алынган.

Чечимдин тексти

2017-жыл 31-июль