Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Лахордогу теракттын кесепетинен көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Пакистандын Президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Лахор шаарындагы жасалган террористтик акттын кесепетинен көп адамдардын каза  болгондугуна байланыштуу Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун  Хуссейнге  көңүл айтты.

Мамлекет башчысы каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө  терең кайгыруу менен көңүл айтып, бардык жабыр тарткандар тезирээк сакайып кетишин каалады.

2017-жыл 25-июль