Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кабулдагы теракттын кесепетинен көп адамдардын каза тапкандыгына байланыштуу Афганистандын Президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кабул шаарында жасалган  террористтик акттын кесепетинен көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты.

“Кабул шаарындагы террористтик акттын кесепетинен көп адамдардын каза тапкандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз.

“Каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө кайрат айтып, терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жана жабыр тарткандар тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду Сизден өтүнөм”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

2017-жыл 25-июль