Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү

2017-жылдын 24-июлунда түркмөн тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө  аймактын жана көп тараптуу эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу кызматташуунун  жана өз ара аракеттенишүүнүн маселелери талкууланды.  Эки тараптуу байланыштарды бардык багыттар боюнча өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендиги белгиленди.

Андан тышкары  дүйнөлүк экономика жана саясаттын өнүгүшүнө тиешелүү бир катар актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты. 

2017-жыл 25-июль