Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Саха Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын Төрагасы Александр Жирковду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-июлда, Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденциясында “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” эл аралык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын Саха Республикасынын (Якутия)Мамлекеттик жыйынынын (Ил Түмөн) Төрагасы,”Дүйнө элдеринин эпостору” эл аралык ассоциациясынын вице-президенти Александр Жирковду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Саха Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери талкууланып, эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоо боюнча биргелешкен иштерди улантуунун мааниси белгиленди.

2017-жыл 20-июль