Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын Президенти Дональд Трампты АКШнын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында   Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы  салттуу достук мамилелер өнөктөшүп кызматташуу жана өз ара урматтоо маанайында өнүгө берет деген ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев  АКШнын Президенти Дональд Трампка  мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги  америка элине  - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

 

2017-жыл 4-июль