Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту

Кыргыз Республиканынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-июлда, өлкөгө визит менен келген Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Валентина Матвиенко менен жылуу учурашты жана анын өлкөгө келиши – чыныгы достун визити деп белгиледи. «Сиздин акылман жетекчилигиңиз алдында Федерация Кеңеши баардык маселелер боюнча Кыргызстанга жардам берет. Мен Сиздин биздин кызыкчылыгыбыз үчүн абдан тынчсызданып, колдоп жүргөнүңүздү билем. Сизге чоң рахмат!»,- деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Федералдык Кеңештин Төрайымы Валентина Матвиенко жолугушууга мүмкүнчүлүк үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди. “Акыркы жолу мен мында 2014-жылы келдим эле, андан бери 3 жыл өттү, мен ошол жылуу, жагымдуу жолугушууларды ушул кезге чейин эстеймин. Бул жолку келишим Жогорку Кеңештин Төрагасынын чакыруусу боюнча КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясы менен байланыштуу болду. Мен Ассамблеянын төрайымы катары жана Жогорку Кеңеш менен бирге КМШ өлкөлөрүнүн “Шериктештик балдары” деген эл аралык, билим, маданий форумду уюштуруп жатабыз. Бул форум бешинчи жолу өтүп жатат. Форумду өткөрүүгө колдоо көрсөткүнүңүз үчүн Сизге ыраазычылык билдиргим келет. КМШ өлкөлөрүнүн балдарынын, мугалимдеринин башын кошкон бул форум абдан маанилүү иш-чара. Биз ушунун менен бирдиктүү гуманитардык мейкиндикти түзүп жатабыз. Биздин муун сыяктуу КМШ өлкөлөрүнүн жаштары да бири-бири менен достошкону өтө маанилүү»,  - деди Валентина Матвиенко.

Жолугушууда Кыргызстан жана Россия ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыктын олуттуу маселелери, Россиядагы кыргыз мигранттарынын укуктарын коргоо маселелери, ошондой эле кыргыз-орус мамилелерин мындан ары карай өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

2017-жыл 3-июль