Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Алтайчылардын форумуна дыкаттык менен даярдык көрүүнү камсыз кылуу боюнча тапшырма берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-июнда, кеңешчиси Мира Карыбаеваны кабыл алып, Кыргызстанда 2017-жылдын 20-22-июлунда өтө турган “Алтай цивилизациясы жана алтай тил бүлөсүнүн тектеш элдери ” эл аралык форумун өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшүн талкуулады.

Эл аралык форум  Евразиянын кеңири аймагында жашаган элдердин жалпы алтай тил бүлөсүнүн, этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштарынын негизинде гуманитардык байланыштарын чыңдоого багытталган илимий изилдөөлөрдүн, билим берүү жана маданий долбоорлорунун жыйынтыктарын талкуулоо үчүн жаңы аянтча болуп калат.

2017-жыл 27-июнь