Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сауд Аравиясы Королдугунун Королу Салман бин Абдульазиз Аль Сауд Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Сауд аравиясы Королдугунун Королу  Салман бин Абдульазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

 “Ыйык Орозо айт майрамына байланыштуу Сауд Аравиясы Королдугунун элинин атынан, Өкмөттүн атынан жана  жеке өзүмдүн атымдан  Улуу Урматтуу Сизге чын жүрөктөн чыккан чыккан куттуктоолорду жана жакшы каалоолорду жолдоо биз үчүн зор кубаныч тартуулайт.

Жараткан Алла Тааладан Улуу Урматтуу Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай, боордош Кыргызстан элине  – мындан ары өнүгүү жана гүлдөп өсүү, ал эми  биздин мусулман уммасына – жыргалчылык жана прогресс бере көр деп тилейм ”,-деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2017-жыл 26-июнь