Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жер көчкүнүн кесепетинен улам көп адамдар каза болгондугуна байланыштуу Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Сычунь провинциясынын Синьмо айылындагы жер көчкүдөн улам көп сандаган адамдардын каза болгондугуна жана масштабдуу кыйроого байланыштуу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты.

“Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына  терең кайгыруу менен көңүл айтып, бардык жабыр  тарткандар тезирээк сакайып кетишин каалаган сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм”,- деп айтылат Президенттин телеграммасында.

2017-жыл 24-июнь