Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июнда, Казан шаарында, Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарын жыйынтыктап жатып, басма сөз кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.
Мамлекет башчысы Россияга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгына, эки тараптуу кызматташуунун маселелерине, өлкөдөгү президенттик шайлоолорго, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга тиешелүү суроолорго жооп берди.