Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Президент Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, бакыт-таалай,  ишмердикте жаңы ийгиликтерди , ал эми боордош Кыргызстан элине –гүлдөп өнүгүү каалады.

“Бардыгыбыз үчүн жаркын бул күндөрү өлкөлөр ортосунда достукту жана конструктивдүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого ишеним  билдирем”,-деп белгиленет Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.

2017-жыл 24-июнь