Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
“Өлкөлөрүбүз ортосундагы мамилелердин ийгиликтүү өнүгүшү бардык мусулман уммасынын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди арттырууга көмөктөшөт деп ишенем.”,-деп айтылат Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоо телеграммасында.
Түркмөнстандын Президенти Кыргызстандын Президентине чың ден соолук, бакыт-таалай, ал эми боордош Кыргызстан элине – тынчтык, ийгилик жана өнүгүү каалады.