Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-июнда Аламүдүн районундагы Арашан айылынын мечитинде ыйык Орозо айтка байланыштуу майрамдык айт-намазга катышты.
Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жаркын элестерин эскерди.