Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Илимдер академиясынын Уфадагы илимий борборунун археология жана этнография музейинде болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-июнда, Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Башкырстан Республикасынын Башчысы Руcтэм Хамитовдун коштоосу менен Россия Илимдер академиясынын Уфадагы илимий борборунун Р.Г.Кузеев атындагы этнологиялык изилдөөлөр институтуна караштуу археология жана этнография музейинде болду.

Мамлекет башчысы экспонаттарды көрүп, археологиялык табылгалар менен таанышып чыкты.
Андан кийин Башкырстан Республикасынын Башчысы Рустэм Хамитов Президент Алмазбек Атамбаевди аэропортко чейин узатып барды.

2017-жыл 23-июнь