Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Башкырстан Республикасынын Уфа шаарын учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-июнда, Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Башкырстан Республикасынын Уфа шаарына учуп кетти.

Сапардын жүрүшүндө Президент Башкырстан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов  менен жолугушат.

Андан кийин Президент Алмазбек Атамбаев Казанга барып, Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушмакчы.

2017-жыл 22-июнь