Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июнда Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Кремлдин дубалынын боюндагы Александров багындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду.
Гүлчамбар койгондон кийин Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен таазим этти.
Бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин аскердик оркестр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин ойноду.

2017-жыл 20-июнь