Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 12-октябрда Жалал-Абад облусунун  активи жана коомчулугу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын суроолоруна жооп берип жатып, Мамлекет башчысы  бүгүнкү күндө эң башкы  байлыгыбыз – өлкөдөгү тынчтык жана Кыргызстандын  көп улуттуу элинин биримдиги экендигин баса белгилеп, аны көздүн карегиндей сакташ керектигин кошумчалады.

Президент   ирригацияны өнүктүрүүгө жана жаңы жерлерди өздөштүрүүгө, облустун инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө каражат тартуунун маанисин баса белгиледи.

Жыйынга келген жарандар Президент Алмазбек Атамбаевди Өзбекстан менен мамлекеттик чек ара маселелерин чечип, көзөмөлдөп-өткөрүүсү пункттарды ачкандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Мамлекет башчысы   өз кезегинде  президенттик  мөөнөтү аяктаганга чейин Өзбекстан менен мамлекеттик чек ара маселелери күн тартибинен толугу менен  алып салууга ишенимин билдирди.

Президент  ошондой   учурда  калкты жеткиликтүү кредиттер менен камсыз кылуу боюнча масштабдуу  иштер жүргүзүлүп жаткандыгын, жакынкы жылдары  облуста өнөр жай өнүгөөрүн, анын ичинде  Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулардын  алкагында дагы өнүгөөрүн белгиледи.

Мамлекет башчысы  ошону менен  бирге   турак жайды камсыздоо маселесине дагы көңүл буруп,  айрыкча өзгөчө кырдаалдар чыгышы мүмкүн болгон жерлерде жарандар турак жайын  активдүү камсыздандырууга чакырып кетти.

Облустун жашоочулары  Мамлекет башчысына  бир катар маселелерди, анын ичинде  социалдык обьектилердин курулушуна жана ремонтуна байланыштуу маселелерди  чечүү боюнча сунуштарды  киргизишти. Ушуга байланыштуу Президент   тиешелүү мамлекеттик органдардын   жетекчилерине конкреттүү тапшырмаларды берди.