Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылышынын салтанаттуу аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-июнда Казакстан Республикасынын Астана шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышкан Мамлекет башчылары менен бирге «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылышынын салтанаттуу аземине катышты.
Мамлекет башчылары  ошондой эле  «Нур Алем» көргөзмөсүнүн борбордук павильонун көрүп чыгышты.

2017-жыл 9-июнь