Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев көп адамдардын курмандыгына алып келген Тегерандагы терактка байланыштуу Ирандын Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев   көп адамдардын курмандыгына алып келген Тегеран шаарындагы  терактка байланыштуу Иран Ислам Республикасынын Президенти  Хасан Роуханиге көңүл айтты.

Мамлекет башчысы көңүл айтуу телеграммасында  Кыргыз Республикасы тынч жашаган  күнөөсү жок жарандарга багытталган бул катаал актыны чечкиндүү айыптаары белгиленет.

“Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайратка чакырган  сөздөрдү, жапа чеккендердин баары  тезирээк сакайып кетишин кааларыбызды жеткирип коюуңузду өтүнөм”,-деп айтылат телеграммада.

2017-жыл 8-июнь