Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жумушча сапар менен Казакстанга учуп келди

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июнда жумушча сапар менен Казакстан Республикасынын борбору Астанага учуп келди.                                         

Визит учурунда Президент Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып жаткан мамлекет башчылары  менен бирге «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатына катышат.  

2017-жыл 8-июнь