Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылы 8 - 10-июнда жумушчу сапар менен Казакстан Республикасынын борбору Астанага барат.
Визит учурунда Президент Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып жаткан мамлекет башчылары менен бирге «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатына катышат.