Президент Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Ташкен шаарындагы Өзбекстан менен Кыргызстандын өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсүндө болушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-октябрда, Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен бирге «Узэкспомарказ» көргөзмө комплексиндеги  эки өлкөнүн  өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсүндө болушту.

Мамлекет башчылары  павильондорду кыдырып, көргөзмөгө коюлган продукциялар менен таанышып чыгышты.

Кыргыз павильонунда  өнөр жай, туризм, билим берүү жана илим, ошондой эле айыл чарба тармагындагы продукциялар коюлган. Өзбек павильонунда  өнөр жай, курулуш, нефтегаз  тармагынын продукциялары,  эл кеңири керектөөчү, фармацевтика өнөр жайынын товарлары жана айыл чарба техникалары коюлган.