Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 31-майында Ширнак провинциясында вертолеттун кулашынан улам 13 аскер кызматчыларынын курман болгондугуна байланыштуу Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты.
«2017-жылдын 31-майында Ширнак провинциясында вертолеттун кулашынан улам 13 аскер кызматчыларынын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуумду кабыл алыңыз.
Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан бул кыйроонун кесепетинен жакындарынан айрылгандарга чын ниеттен чыккан көңүл айтуубузду жана колдообузду билдирип коюуну өтүнөм», - деп айтылат Президент Алмазбек Атамбаевдин телеграммасында.