Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Таза Коом. Көз караш, глобалдык тенденциялар жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү» эл аралык конференциясынын жыйынтыктары боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды

Бүгүн, 30-майда «Таза Коом. Көз караш, глобалдык тенденциялар жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү» эл аралык конференциясы өтүп, анын жыйынтыктары боюнча биргилешкен билдирүү кабыл алынды.

Конференция алкагында «Таза Коом» санариптик трансформация программасынын бетачары болду.

Конференцияга КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, КР Президентинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча региондук директору Лилиана Бурунчук, маалымат-коммуникациялык технологияларын жылдыруу боюнча Улуттук агенттиктин президенти Юн Чон-Лока (Корея Республикасы), GovTech компаниясынын башкы директору Жаклин По (Сингапур), DIGIT компаниясынын экс-директору Деклан Дизи, Молдованын электрондук өкмөтүнүн борборунун директору Юрие Цуркану, Россиянын маалыматтык коомду өнүктүрүү Институтунун жетекчиси Юрий Хохлов, андан тышкары бир катар эл аралык уюмдардын, дипломаттык миссиялардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөрдүн өкүлдөрү катышты.

Эл аралык конференциянын катышуучулары жагымдүү жөндөөчү чөйрө түзүү, инфраструктура куруу, адам потенциалын өстүрүү, санариптик маалыматтар, санариптик өкмөт жана акылдуу шаар маселелери боюнча сессияларда иштешти.

«Таза Коом»  санариптик трансформация жалпы улуттук программасы Кыргыз Республикасында ачык-айкын мамлекет куруу, жарандардын турмуш сапатын арттыруу, андан тышкары бизнеске шарттарды жакшыртуу максатында ишке салынып жатат. «Таза Коом» өлкөнү 2040-жылга карата туруктуу өнүктүрүү Стратегиясынын, жаратылыш дүйнөсү менен шайкештикте адам капиталына жана  инновацияларга негизделген стратегиянын негизги компоненти болуп саналат.

Биргелешкен билдирүүнүн тексти:

Биз, «Таза Коом» эл аралык конференциясынын катышуучулары, – санариптик келечекти түзүү менен, азыркы учурдагы шартта санариптик өзгөрүш бизнес үчүн эле эмес, мамлекет үчүн дагы технологиялык алмашуулардын кыймылдаткычы жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн шарты болуп саналарын тастыктайбыз.

Биз дүйнөдөгү бул өзгөрүүлөр салттуу экономикалык жана өндүрүштүк процесстерди башкача көз карашта аңдап түшүнүүгө жана кайра курууга, жаңыча санариптик өз ара байланыштарды түзүүгө, өндүрүмдүүлүктү чечкиндүү жогорулатууга, мамлекеттик жана жеке менчик тейлөө кызматтарын камтууга жана сапаттуулукка алып келерин, ошондой эле ал тейлөө кызматтарын көрсөтүү бюрократтык тоскоолдуктарды азайтууга алып келерин аңдап туюудабыз.

Биз Кыргыз Республикасы жаңылануу, маалыматтык-коммуникациялык жана санариптик технологияларды өздөштүрүү жана бардык жерде колдонуу аркылуу өзүнүн келечегинде таптакыр жаңыча жолдорду тандап алуу менен, өз өнүгүүсүндө сапаттуу секирик жасай ала тургандыгын аңдап туюудабыз.

Биз Кыргыз Республикасы Евразиянын чордонунда жайгашуу менен, өз элинин жана башка өлкөлөрдүн элдеринин бакыбаттуу жыргалчылыгы үчүн аймактык жана глобалдуу маршруттарды байланыштыруучу транспорттук жана телекоммуникациялык көпүрө боло ала тургандыгын аңдап туюудабыз.

Биз коюлган максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик, коомдук жана ишкер чөйрөлөрдү кайра өзгөртүүнүн намыскөйлүк программасын жүзөгө ашыруунун зарылдыгын тастыктайбыз. Өзгөртүү процессинде социалдык (билим берүү, саламаттыкты сактоо жана экология), экономикалык (энергетика, айыл чарбасы, өнөр жайы жана тейлөө кызматтары) түйүндүү чөйрөлөрдү жана саясий секторду (коррупцияны жоюу жана таза шайлоо) камтуу пландаштырылууда.

Биз Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаев тарабынан 2040-жылга карата күч-кубаттуу, бардар жана жогору өнүккөн мамлекет болууга тийишпиз деген ачык-айкын максат коюлгандыгын тастыктайбыз. Бул максатка жетүү үчүн Кыргыз Республикасында мамлекетти жана анын тейлөө кызматтарын санариптик өзгөртүүдөгү күч-аракеттерди, тажрыйбаны жана билимдерди «Таза Коомго» топтоштуруу зарыл.

КОНФЕРЕНЦИЯНЫН НЕГИЗГИ ТЕЗИСТЕРИ

«Таза Коом» – бул маалыматтар, технологиялар жана санариптик инфраструктура индустриясынын күч-кубатын жана күүлүү демин адамдардын жашоо-турмушун жакшыртуу, жаңыча экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн жана чордонунда адам, анын баалуулуктары жана потенциалы турган бир кыйла күчтүү коомду түзүү үчүн колдоно турган санариптик өзгөртүүлөрдүн улуттук программасы.

«Таза Коомдун» вазийпасы биздин өлкөбүздөгү ар бир адамга жана ар бир уюмга бизнести өзгөртүүнүн күчөткүчү катары чыгуу менен, зор жетишкендиктерди жаратууга, ошондой эле «акылдуу» шаарлардын жана аймактардын технологияларын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.

«Таза Коом» санариптик өзгөртүү программасы бардык жерде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга негизделгендиктен,  Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейинки мезгилдеги узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясынын негизги курамдык компоненти болуп саналат.

КОНФЕРЕНЦИЯНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ:

- «Таза Коом» программасын жүзөгө ашыруу боюнча көп тараптуу кызматташуу жолун жолдой тургандыктары жана күч-аракеттерди, тажрыйбаны, билимдерди жана заманбап технологияларды колдонуу менен, Кыргыз Республикасында таза жана чынчыл коомду курууга умтула тургандыктары жөнүндө билдиришти;

- бул эл аралык конференция «Таза Коом» программасын ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн кызматташуунун жакшыртылган жолдорун кылдат жана максаттуу талкуулоого жана ар бир катышуучунун кошкон салымын аныктоого ишенимдүү платформа түзүп бергендигин белгилешти;

- өлкөнүн экономикалык өнүгүүнүн жаңы жолуна түшүшү, экономикалык секини табышы жана аны бекемдеп чыңдашы, заманбап глобалдуу өзгөртүү багыттарына жооп берген дүйнөлүк «санариптик экономикага» интеграцияланышы боюнча зарыл чараларды кабыл алууга даярдыгын билдиришти.

КОНФЕРЕНЦИЯНЫН РЕЗЮМЕСИ

Кыргызстандыктардын санариптик технологиялардын бардык артыкчылыктарын колдоно билген жаңы муунун түзүү үчүн Кыргыз Республикасына бардык кызыкдар тараптардын, т.а. мамлекеттик башкаруу органдарынын, бизнес коомдоштуктарынын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын ортосундагы тилектештиктин, өнөктөштүктүн жана кызматташтыктын жаңы формалары талап кылынат.

Конференциянын катышуучулары, глобалдуу маалыматтык коомдун максаттарына жана принциптерине, ошондой эле Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын «Таза Коом» мамлекеттик программасын жүзөгө ашыруу боюнча күч-аракеттерди мобилизациялоо үчүн эл аралык уюмдарды жана бизнес коомдоштуктарды максималдуу эксперттик жана каржылык колдоо көрсөтүүгө чакырат.

2017-жыл 30-май