Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жаратылыш кырсыктарынан көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Шри-Ланка Президенти Майтрипале Сирисенге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Шри-Ланканын батыш, борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө болгон жаратылыш кырсыктарынан көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Президенти Майтрипале Сирисенге көңүл айтты.

«Шри-Ланканын батыш, борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө болгон жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз.

Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын ниеттен чыккан көңүл айтуубузду жана колдообузду, ал эми бардык жабыр тарткандарга тезирек сакайып кетишин каалаарыбызды билдирип коюуну өтүнөм», - деп айтылат телеграммада.

2017-жыл 30-май