Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайга жумушчу сапарынын алкагында кытайлык жол жана көпүрө куруу мамкорпорация башкармасынын төрагасы Лу Шан менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-майда Кытай Эл Республикасына жумушчу сапарынын алкагында  кытайлык жол жана көпүрө куруу мамкорпорация башкармасынын төрагасы Лу Шан менен жолугушту.

Жолугушууда "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолун, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорлор, андан тышкары Бишкектеги автожолдорду жаңылоо маселелери талкууланды. 

Президент курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

 

2017-жыл 14-май