Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту

Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков менен Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриандын жолугушуусу болду.

Жолугушууда эки тарап кыргыз-европа кызматташтыгынын эки тарапка кызыкчылык туудурган проиоритеттүү багыттардын бардык комплексин андан ары бекемдөө боюнча биргелешкен иштер тууралу пикир алышты.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин быйылкы жылдын февраль айында Европа биримдигинин Брюссель шаарындагы институттарына визитинин учурунда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча маанилүү маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков  Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өлкөдө туруктуулукту жана өнүгүүнү бекемдөө, коррупция менен күрөшүү жана шайлоо процессин өркүндөтүү чаралары тууралу айтып берип, бийик технологиялуу  «Таза Коом» улуттук долбоорун куруу боюнча Кыргыз Республикасынын демилгесин жылдырууга Евробиримликтин өкүлдөрүнүн катышуусуна кыргыз тараптын кызыкдар экенин билдирди.

Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү боюнча Кыргызстан Борбор Азия регионунда жакшы мисал болуп калганын белгилеп, өлкөнү демократиялык өнүктүрүү боюнча Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды улантуунун маанисин белгиледи.

Ошондой эле ал мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун арттырууга багытталган жана коррупцияга бөгөт коюуда бараандуу инструмент боло турган «Таза Коом» долбооруна көмөк көрсөтүүгө европалык тараптын даяр экенин билдирди.

Жолугушууга Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Чезаре Де Монтис да катышты.

2017-жыл 25-апрель