Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-апрелде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Бишкекке келген Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолукту.
Жолугушууда кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.