Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн бейформал жолугушуусу өтүп жатат

Бүгүн, 14-апрелде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн бейформал жолугушуусу өтүп жатат.

Саммитке Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Армения Президенти Серж Саргсян, Беларусь  Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, ошондой эле Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон катышууда.

Жыйынды ачкан Алмазбек Атамбаев дүйнөдө кырдаал тездик менен өзгөрүп жатканын, күч-аракеттерди бириктирүү, коопсуздукка салттуу жана жаңы коркунучтар менен сыноолорго каршы алдын ала чараларды кабыл алуу  зарылдыгын белгиледи. «Ошондуктан бүгүнкү биздин бейформал кеӊешүүбүз абдан керек болду», - деди Кыргыз Республикасынын Президенти.

Андан ары жыйын жабык форматта уланды.

2017-жыл 14-апрель