Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды

Бүгүн, 14-апрелде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды.

Саммитке Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Армения Президенти Серж Саргсян, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин катышууда.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мамлекет башчыларын Президент Алмазбек Атамбаев тосуп алды.

Жалпы сүрөткө түшкөндөн кийин делегация башчылары  Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында тар чөйрөдө өтө турган жыйынына катышуу үчүн залга бет алышты.          

2017-жыл 14-апрель