Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-апрелде «Ата-Бейит» эстеликтер комплексинде Апрель окуясында курман болгон баатырлардын мүрзөсүндөгү монумент тактага гүлчамбар коюу менен аларды эскерди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева Элдик Апрель революциясынын баатырларынын мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюшту.
«Ата-Бейит» эстеликтер комплексинде маркумдарга атап, куран окулду.
Иш чарага 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.