Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоеванын маалыматы боюнча, 13-14 апрелде Бишкекте Евразия Жогорку экономикалык кеңешинин кезектеги жыйналышын өткөрүү мерчемделүүдө.
Жыйналышка Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Президенттеринин катышуусу күтүлүүдө.