Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын мурдагы орун басары В.Некрасовду анын Кыргызстандагы ишмердигинин аякташына байланыштуу кабыл алды

Бүгүн, 2017-жыл 29-мартта Кыргыз Республикасынын Аппарат жетекчиси Сапар Исаков Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы мурдагы соода өкүлү, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын мурдагы орун басары В.А. Некрасовду анын Кыргызстандагы ишмердигинин аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда Сапар Исаков Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыӊдоо боюнча жемиштүү иши үчүн В.А. Некрасовго ыраазылык билдирди. Атап айтканда,  КР Президентинин Аппарат жетекчиси анын тикелей катышуусу менен эки өлкөнүн бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштар калыптанганын, россиялык кыйла инвестициялар Кыргызстандын экономикасына тартылганын, андан тышкары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өз ишин баштаганын белгиледи.

Жолугушуу аягында Сапар Исаков В.А. Некрасовго жаңы кызматында үзүрлүү иштешин каалады.

2017-жыл 29-март