Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

29-мартта Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйналышы болот

29-мартта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук  кеңешинин V жыйналышы болот.

Жыйналышта «2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын-ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки мезгилге карата  Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо жөнүндө» маселе каралат.

2017-жыл 23-март