Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев аты жок чокуга «Апрель революциясынын Баатырлары Чокусу» географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги аты жок чокуга» Апрель революциясынын Баатырлары чокусу» деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2017-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – Апрель революциясынын Баатырларынын аттарын түбөлүккө калтыруу.

Кабыл алынган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан аты жок чокуга «Апрель революциясынын Баатырлары чокусу» деген географиялык аталыш ыйгарылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2017-жыл 18-март