Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Улуттук гвардиясы мамлекеттик ведомствонун статусунан чыгарылып, КР Куралдуу күчтөрүнүн Генштабынын түзүмдүк бөлүгү болуп калды

Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы Алмазбек Атамбаевдин «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кучтөрүнүн башкаруу системасын реформалоо боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык жана Куралдуу күчтөрдү башкарууну уюштурууну өркүндөтүү жана Куралдуу күчтөрдү финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоонун бирдиктүү системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы  мамлекеттик ведомствонун статусунан чыгарылып, КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын түзүмдүк бөлүгү болуп калды.

КР КК Улуттук гвардиясынын командачысы  Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн  Генералдык штабынын начальнигинин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти - КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат. 

2017-жыл 25-январь