Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-январда өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкө мектептеринде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле жогорку окуу жайлар тармагын оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Гүлмира Кудайбердиева Президентке ошондой эле «2015-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы коопсуз мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары» программасын жүзөгө ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө да айтып берди. Министрдин сөзү боюнча, өткөн жылы өлкөдө 76 мектеп курулду жана 100гө чукул мектептер капиталдык оңдоодон өттү. Андан тышкары, үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен кошумча дагы  28 мектеп капиталдык оңдоодон өтөт.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө мектептерди куруу жана оңдоо боюнча комплекстүү иш биринчи кезекте бул максатка бөлүнүп жаткан бюджеттик каражаттарды адилеттүү бөлүштүрүүнү жана аларды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылышы керек экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги жана башка компетенттүү мамлекеттик органдар курулуш иштеринин сапаттуулугуна көзөмөл жүргүзүшү зарыл экенин белгиледи.

2017-жыл 25-январь