Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Мирбек Касымкуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-январда өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Мирбек Касымкуловду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысына мамлекеттик чек арадагы жалпы абал, ошондой эле өлкөнүн тышкы чектерин бекемдөө чаралары тууралу маалымат берилди.

Мирбек Касымкулов чек ара бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларынын күжүрмөн даярдыгын көтөрүү иштери, чек ара инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү жана мамлекеттик чек арадагы өткөрмө бекеттеринин ишин жакшыртуу пландары жөнүндө Президентке баяндама жасады.  

Президент Алмазбек Атамбаев чек ара коопсуздугун мындан ары бекемдөө, өлкө чек арасынын кол тийгистигин камсыздоо боюнча милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн чек ара бөлүктөрүнүн мобилдүүлүгүн арттыруунун маанисин баса белгиледи.

2017-жыл 24-январь